5.1. Яндекс каалаган убакта себептерди түшүндүрбөстөн ушул Акцияны убактылуу токтотуу же кыскартуу, же анын шарттарын өзгөртүү укугун өзүндө калтырат. Акцияны убактылуу токтотуу / кыскартуу /шарттарын өзгөртүү жөнүндө маалымат
https://business.go.yandex/ru_kg,
https://business.go.yandex/ky_kg,
https://business.go.yandex/ru_kg/ga,
https://business.go.yandex/ky_kg/ga баракчаларындагы Уюштуруучунун ички порталында жайгаштырылат.
5.2. Акцияга катышууда, Катышуучу Акциянын Эрежелерине толугу менен жана шартсыз макул болот.
5.3. Тийиштүү отчёттук период ичинде кызматтардын наркы (отчёттук период ичинде кызматтардын наркына киргизилген тууралоолорду эске алганда) оң сумманы түзгөн, Арзандатууну иштеткенден кийин кызматтардын наркы оң сумманы түзгөн жана отчёттук период ичинде Яндекстин корпоративдик буйрутмачынын (кардардын) алдында береселүү кылбаган шартта Арзандатуу иштетилет. Эгер отчёттук периоддун ичинде кызматтардын наркы (отчёттук периоддун ичинде кызматтардын наркына киргизилген тууралоолорду эске алганда) 0 (нөл) сомду түзсө, же отчёттук период ичиндеги кызматтардын наркына тууралоолор киргизилгенден кийин Яндекс корпоративдик буйрутмачынын (кардардын) алдында береселүү болуп калса, же отчёттук периоддун ичинде Арзандатууну иштеткенден кийин кызматтардын наркы 0 (нөл) сомду түзсө же Яндексте корпоративдик буйрутмачынын (кардардын) алдында бересе жаралып калса, анда мындай Арзандатуу кийинки отчёттук периодго өткөрүлөт жана тийиштүү отчёттук период үчүн тийиштүү Арзандатуу менен кошулат. Келишим кыскартылганда, корпоративдик буйрутмачы (кардар) колдонбогон Арзандатуу күйүп кетет. Кандай гана болбосун, Арзандатууну колдонуу мүмкүнчүлүгүнүн болбой калышы, анын ичинде ушул пункттун кырдаалдары боюнча Арзандатуунун берилбей калышы Яндексте корпоративдик буйрутмачынын (кардардын) алдында бересени жаратпайт, мындайча, эгер корпоративдик буйрутмачыларга (кардарларга) Арзандатуу берүү шарттарына каршы келген бир жагдай түзүлсө, Яндекс корпоративдик буйрутмачы (кардар) үчүн Арзандатууну иштетүү кепилдигинин каалагандай түрүн берүүдөн түздөн-түз баш тарткан болуп эсептелет.
Жарыяланган күнү: 20.08.2024
Күчүнө кирген күнү: 20.08.2024